Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында "Хизб-ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 4 жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында диний сабактарды өтүп, диний уюмдун мүчөлөрүнүн чогулуштарын ай сайын уюштуруп келген "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун 4 жетекчиси кармалган.
Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик адабияттар жана тиешелүү материалдар сакталышы мүмкүн болгон электрондук приборлор табылды.
Белгилей кетсек, экстремисттик уюмдун жетекчилери 2023-жылдын 12-апрелинде Кызыл-Кыя шаарында Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (Экстремисттик уюм түзүү) боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган.
Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.