Жасаган жоругун шайтанга шылтап. Бишкекте жаранга бычак менен кол салган адам үй камагына чыкты

Сот бычак менен кол салган адамды үй камагына чыгарды. Бул туурасында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, 15-март күнү Г.Р. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ошол эле күнү Шабдан Баатыр көчөсүндө жүрүп, коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузуп, белгисиз жаран бычак менен денесине залал келтиргенин билдирген.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы денеге жеңил залал келтирилгенин көрсөткөн.

Буга байланыштуу кылмышка шектелип 1987-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бишкектин Свердлов райондук соту шектүүгө карата эки айга үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Буга чейин жабырлануучунун апасы Наталья Любимова соттун шектүүнү үй камагына чыгарганына нааразычылыгын айтып чыккан.

Ал анын уулуна бычак менен кол салган жаран бул кадамын ичине шайтан кирип алганы менен түшүндүргөнүн айткан.

"Тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө ал киши бул жоругун ага шайтан кирип кеткени менен түшүндүргөн. Бирок, бычактан алган жаракаты бар экенине жана уулумдун көрсөтмөсүнө карабай, кармалган жаранга үйүнө кетүүгө уруксат берилди", - деп билдирген жабырлануучунун апасы.

Бишкекте жаранга бычак менен кол салган жаран бул кадамын ичине шайтан кирип кеткени менен түшүндүрдү. Сот аны үй камагына чыгарды 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан