Кызыл-Кыяда бейбаштык кылган топ балдардын уюштуруучуларынын бири аныкталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Эске сала кетсек, 13-апрель күнү түнкү саат 01.35 чамасында белгисиз бир топ балдар ызы-чуу салып, колдоруна таяк кармап, жол четинде токтоп турган автоунаалардын терезелерин таш менен ургулап, абалды турукташтыруу үчүн барган милиция кызматкерлерине да таш ыргытышкан. Ошол эле түнү 14 жаш өспүрүм кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Бул факты "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Ошол эле учурда Кызыл-Кыя шаарынын 3 тургуну жол четинде токтотуп койгон автоунааларына таш тийип, зыянга учурагандыгы боюнча милицияга арыз менен кайрылган.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы ээнбаштыкты уюштурганга шектелип Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 16 жаштагы Р.А. аттуу өспүрүм бала аныкталган. Ал жактоочусунун катышуусунда сурак берип, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды.
Учурда тергөө иштери уланууда.