Ошто мурда 12 жолу соттолгон 41 жаштагы чөнтөкчү ууру кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чөнтөкчү ууру кармалды. Ал мурда 12 жолу соттолгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Аталган бөлүмгө буга чейин эки аял арыз менен кайрылып, коомдук жайларда өздөрүнө таандык болгон акча каражаттарын, документтерин жана уюлдук телефондорун белгисиз жаран уурдап кеткендигин айтышып, шектенген адамды түспөлдөп беришкен. Бул кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, Өзгөн районунун тургуну 1981-жылы туулган З.Ө аттуу жаранга издөө жарыяланган. Ал Ош шаарына келип, уурулук жасап турган.
2023-жылдын 12-апрель күнү бул кылмышка шектүү, мурда бир нече жолу соттолгон З.Ө. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө кызматы тарабынан уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан