Коңшу Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Тайырбек Жумашбек уулу алтын байге утту.
Азия чемпиондугуна эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакта катышкан Тайырбек Жумашбек уулу финалда кытайлык Лю Минху аттуу балбан менен кез келди. Тайырбек Жумашбек уулу атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, 4:2 эсебинде жеңип, Азия чемпиону аталды.
Бул эркин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасынын Астанадагы Азия чемпиондугунда жеңген алгачкы алтын медалы.