Сокулукта үй салынбай турган жерди 12 миң долларга сатып жибергенге шектүү кармалды

Сокулук районунда жер тилкеге ​​байланыштуу алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 27-март күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 2021-жылдын июль айында Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу 520-контурдагы жер тилкесин 12 000 долларга сатып алганын, бирок ал жерге турак жай курууга болбой турганын билдирип, жерди саткан Д.К. аттуу жаранга чара көрүп берүүнү суранган. Себеби Д.К. аттуу жаран акчаны кайтарып берген эмес.

Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышка шектелип 1965-жылы туулган Д.К. аттуу жаран кармалды. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан