Бишкектеги жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул окуя бүгүн, 11-декабрь болжол менен саат 03:30дар чамасында болгон. Анда 38 жаштагы К.Азаттын башкаруусундагы Даймлер Крайслер үлгүсүндөгү унаа жол жээгиндеги зым карагайды сүзүп алган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу ошол жерден каза тапкан.