Бишкекте интернет аркылуу баңги затын саткан 27 жаштагы жаран кармалды (видео)

Бишкекте интернет аркылуу баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы мессенджер аркылуу баңги затын саткан интернет дүкөнүнүн ишин токтотуу боюнча атайын операция жүргүзүшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максаты жок мыйзамсыз даярдоо) менен иш козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 1996-жылы туулган Х.О. аттуу жаран кармалган.

Шектүүнү кармоодо шымынын чөнтөгүнөн 7,5 грамм гашиш жана интернет дүкөндүн аккаунту сакталган уюлдук телефон табылган. Ошондой эле шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, 105 грамм марихуана табылган.

Ал райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан