Нарын шаарынын 44 көчөсүнө асфальт төшөө иштери быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
"Нарын облусуна иш сапары менен барган транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев аткарылып жаткан иштердин жүрүшүнө көз салып, жолдорду сапаттуу, белгиленген нормага ылайык курууну тапшырды.
Ал ошондой эле президенттин тапшырмасын мөөнөтүндө аткаруу максатында, калаанын ички жолдорун куруу иштерин тездетүүнү тапшырып, бул иштер жеке көзөмөлүнө турганын билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, быйыл жалпы Нарын облусу боюнча 106 чакырым жолду асфальттоо каралган.