10-декабрда Чүй облусуна караштуу Москва районунда жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу бүгүн Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган районго караштуу Садовое айылындагы үйлөрдүн биринин алдынан жуурканга оролгон азиат улутундагы эркек ымыркай табылган. Ымыркай медициналык текшерүүлөрдөн өтүп, дени сак экени аныкталды. Ымыркай табылган үйдүн 59 жаштагы кожоюну баланы багып алуу тууралуу каалоосун билдирип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.