Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы психо-неврологиялык ооруканадагы бактан эки ай мурун жоголгон бейтап аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борборунан билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-апрелде улуттук борбордун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө билдирүү түшкөн. Анда ушул жылдын 6-февралынан бери дайынсыз болуп, издөөгө алынган бейтаптын жансыз денеси 10-апрелде табылганы кабарланган. Бейтаптын сөөгү Ак-Суудагы психоневрологиялык стационардын аймагындагы карагайда илинип турган абалда аныкталганы айтылат.
"Улуттук борбордун кызматкерлери милиция кызматкерлери жана оорукана жетекчилиги менен чогуу окуя болгон жерге кароо жүргүзүштү. Маркум менен бир бөлмөдө жаткан бейтаптар менен сүйлөшүүлөр болду. Тергөөчүнүн айтымында, өлүм боюнча иш козголуп, учурда экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө ", - деп жазылат анда.
Алдын-ала маалыматтарга караганда сөөк бакта асынган абалында эки айдай турганы айтылат.