Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы К.Чокоев атындагы орто мектептин мугалимдери жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынын кесепетинен бир мугалим каза болду. Учурда 2 мугалимдин абалы оор деп бааланууда. Ал эми 3 мугалим хирургия бөлүмүндө дарыланып жатканы кабарланды.
"Мектептин математика мугалими Сүйүнбү Момунбаева алган жаратынан улам каза болду.
Буга байланыштуу министрлик маркумдун жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. Ошол эле учурда жабыр тарткандардын батыраак сакайып кетүүсүн тилейт", - деп жазылат маалыматта.
Азырынча Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жана Саламаттыкты сактоо министрлигине чалып, жооп ала албадык.