Бүгүн, 15-апрелде саат 15:49 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Жер титирөө Сузак районунун Жийде айылында 4 балл, ал эми Жалал-Абад шаарында 3.5 баллга чейин сезилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.