Бишкектеги Батыш автобекетинде дүкөндөн өрт чыкты.
Кырсыктын видеосу социалдык тармактарда тарап жатат. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Айрым ЖМКлар жеринде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатканын жазышты.
Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча расмий маалымат бере элек.