Белгилүү түркиялык актёр Бурак Өзчивит менен жубайы актриса Фахрие Эвжен биринчи ирет экинчи уулунун сүрөтүн Instagram баракчасына жарыялышты.
Белгилүү болгондой, жылдыздуу жубайлар тун уулу Карандын туулган күнүндө үй-бүлөлүк сүрөтүн жарыялашкан. Аталган сүрөттө актёрлор буга чейин көрсөтпөй жашырып келген Керем аттуу уулу дагы бар, бирок жүзү быйтыкча менен жабылган. Үй-бүлөлүк сүрөттүн алдына актёр “Каран 4 жашта. Туулган күнүң менен” деп жазган.
Белгилей кетсек, Бурак Өзчивит менен Фахрие Эвжен 2017-жылы 29-июнда үйлөнүшкөн. 2019-жылы 13-апрелде Каран, 2023-жылы январь айында Керем аттуу уулдуу болушкан.