"Балдарымдын белегине өзгөчө кубандым" дейт 43 жашка толгон ырчы Сема

Сема лакап аты менен таанылган ырчы Самарбек Арзиматов бүгүн, 16-апрелде 43 жашка толду. Ал бүгүнкү туулган күнү өзгөчө башталганын айтып, бул күндү жакындарынын курчоосунда белгилээрин билдирди.

"Туулган күнүм өзгөчө башталды. Үйгө келсем күтүлбөгөн жерден балдарым куттуктады, албетте, толкундандым. Андан тышкары белектерин беришти, абдан жагымдуу болот экен.

Бул жолку туулган күнүм орозо айына туш келгендиги менен өзгөчөлөндү десем жаңылышпайм. Салтка айланып калгандай эле жакындарым менен белгилегени турам. Кечинде ооз ачарга келишет.

Таңдан бери эле телефонума аябай жагымдуу билдирүүлөр келип жатты. Алардын каалоо-тилектерин, жакшы сөздөрүн угуп, өзүмө дем-күч алып жатам. Бардыгына ыраазычылык билдирем”, - дейт ырчы.

Самарбек Арзиматов 1980-жылы 16-апрелде Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа айылында төрөлгөн. 1987-жылы Кара-Кулжадагы №3 мектепке кирген. 1995-жылы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, 1999-жылы хор дирижёру бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган.

Алгач сахнага 2002-жылы "Ой тобо" ыры менен чыккан. 2003-жылы бир тууганы Жанарбек Арзиматов менен биргеликте "Сема" тобун түзгөн. Топ 2007-жылга чейин иштеп, кийин жоюлуп кеткен. Ошол убактан баштап Сема жеке ырчы катары чыга баштаган. Ал 2010-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

“Чыгармачылыкка киришүү керек, себеби бул менин эле эмес, элдин да талабы болуп жатат. Кайсыл жакка барбайын “Сен ырдашың керек, эмне үчүн ырдабай жатасың, жакшы ырларды чыгарат элеңиз” деп калышат. Албетте, мындай сөздөр стимул берип, ырдаганга каалооңду ойготот экен. Чынында чыгармачылыкты сыйлаш керек, ошондо гана эл сени баалайт деп ойлом. Учурда убактым жетпей жатабы же жалкоо болуп жатамбы, айтор толук кирише элекмин. Буюрса алдыда да эл үчүн ырларымды аткара берем демекчимин", - дейт ал.

16-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан