Баткенде мурда бир нече жолу соттолгон жаран тоноочулукка шектелип кармалды

Баткенде мурда бир нече жолу соттолгон жаран тоноочулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагынын 35 жаштагы тургуну 1-март күнү Раззаков шаарындагы борбордук базарда белгисиз жаран аны уруп, колундагы Samsung Galaxy A04 үлгүсүндөгү телефонун тартып алып койгон. Жабырлануучу жалпысынан 14 000 сомго жакын зыян тарткандыгын билдирип, 6-апрель күнү милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факты каттоого алынып, иликтөө иштери башталган. Анын жыйынтыгында 14-март күнү кылмышка шектүү Раззаков шаарынан колго түшүрүлгөн. Ал Лейлек районунун Кара-Булак айыл аймагынын 35 жаштагы С.С. аттуу тургуну экени айтылды. Кабарлангандай, ал мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан