Румыниялык оор атлетчи Андреа Котрута Еревандагы Европа чемпионатында штанга көтөрүп жатып эс-учун жоготуп жыгылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал Европа чемпионатына 55 килограмм салмак ченинде катышкан. Ал штанга көтөрүп жатканда залдан периштелерди көрүп, андан кийин жыгылганын айтты.
"Эмне болгонун билбейм. Бирок мен периштелерди көрдүм жана залды айланып учуп жүргөн адамдарды көрдүм, анан жыгылдым. Ошол учурда мен штанганы көтөрүшүм керек деп жатканым эсимде", - деген ал.
Кечээ, 16-апрелде 19 жаштагы Котрута экинчи аракетин көтөрүүдө эсин жоготконуна карабай, Европа чемпиону болду. Румыниялык спортчу ордунан туруп, чечинүүчү жайга барып эс алып келгенден кийин 110 килограмм салмакты көтөрүп, алтын медалга ээ болду.