Жер тилкелери боюнча коррупциялык схеманы уюштурганы үчүн Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.А. кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кол алдындагы кызматкерлери жана Сузак райондук “Кадастр” жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгону аныкталды.
Сузак районунун Сузак, Каркыра-Мисте жана Благовещенка айылдарынын калкка кезексиз жана акысыз берилчү 100 бирдиктен ашык жер тилкелери С.А. буйругу менен жарандарга жасалма документтердин негизинде ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин акча каражатына сатылып кеткен.
Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 93 857 700 сом экени аныкталды.