Ошто тургундун унаасын күч колдонуп тартып алган эки жаран кармалды

Ош облусунун жашоочусунун унаасын күч менен тартып алган эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ушул жылдын 12-апрелинде Ш.И. аттуу жаран Өзгөн шаарында баасы 350 миң сомдук Део-Тико үлгүсүндөгү унаасын чала тааныш адамдар күч колдонуп тартып алгандыгын айтып арыз менен кайрылган.

Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон 1987-жылы туулган С.Б. менен 1990-жылы туулган Т.Р. кармалган.

Шектүү жарандар Өзгөн РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
patriot.kg94
2023-04-17 22:55:00
Тико 350 мин болуп кеткенби
0
Таксист бала
2023-04-18 12:48:00
patriot.kg94. Канча Тико корунуп атат десе Беш деген окшойт
0
Таксист бала
2023-04-18 12:43:00
Каракчылар буну тонобой эле, тиконун ээси каракчыларды тоноп коюптур го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан