"Эрмен жыты" тасмасы Бременде өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды

"Эрмен жыты" тасмасы Бременде өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, режиссёр жана сценарист Айбек Дайырбековдун "Эрмен жыты" тасмасы 12-16-апрель күндөрү Германияда өткөн Бремен эл аралык кинофестивалынын баш байгесине ээ болду. Сегизинчи ирет өтүп жаткан эл аралык сынакка АКШ, Индия, Израиль, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 10 тасма катышкан.

Жеңүүчүлөр көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун добуш берүүсү менен аныкталып, жыйынтыгында "Эрмен жыты" тасмасына эң жогорку баа берилген. Кинофестивалга Айбек Дайырбеков менен продюсер Толкун Дайырбеков чакырылган.

Белгилей кетсек, аталган эл аралык сыйлык "Эрмен жыты" тасмасынын 18-сыйлыгы болуп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан