Сокулукта 34 жаштагы Эрлан Мусабаев изделүүдө. Ал бир ай мурда үйүнөн чыгып кеткен

Сокулук районунда 34 жаштагы Эрлан Мусабаев дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 2-апрель күнү милицияга Ж.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 1989-жылы туулган байкеси Мусабаев Эрлан Бектурович 2023-жылдын 21-мартында саат 10:00 чамасында Селекция айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, чачы кыска кара, арык денелүү;

Ал мезгилге жараша кийинип жүргөн: кара күрмө, көк жынсы шым, кара бут кийим, кара спорттук сумкасы менен.

Айырмалоочу белгилери: мурду сынган, солго бурулуп турат, бетинде тырыктар бар.

Урматтуу жарандар! Мусабаев Эрлан Бектуровичтин жүргөн жери тууралуу маалыматыңыз болсо, 0312 607567, 0558 86-14-86, 0554507888 (издөө тобу) телефондор аркылуу байланышсаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан