Орусияда депутат Jah Khalib`дин концертин токтотууну талап кылууда 

Казакстандык рэп аткаруучу Jah Khalib`дин Москва жана Санкт-Петербургдагы концерттери өтпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Справедливая Россия" партиясынын депутаты Яна Лантратова орус бийлигинен рэп аткаруучу Jah Khalib`дин согушка каршы билдирүүлөрү үчүн Москвада өтө турган концертине тыюу салууну талап кылды.

Мындан сырткары орусиялык рэпер жана журналист Аким Апачев дагы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Jah Khalib`дин концерттерин токтотууга чакырды. "Украинаны колдогон казакстандык рэп ырчы Jah Khalib`дин Москвада эки концерти пландалган. Силерге эмне болгон? Балким, дароо Зеленськийдин Кремлде концертин уюштурасыңар?" дейт ал.

Белгилүү болгондой, Jah Khalib 23-апрелде Москвадагы Crocus City Hall концерттик залында, 25-апрелде Санкт-Петербург шаарында концерт берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан