"ЭлТР" телеканалынын "ПолитКлиникага" каршы доо арызы сотто каралууда

Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда "ЭлТР" мамлекеттик телеканалынын "ПолитКлиника" медиасына каршы соту жүрүп жатат.

Эки медианын соттошуусуна "ЭлТР" телеканалынын энергетика тууралуу даярдаган материалында айтылган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын "ПолитКлиника" медиасы билдиргени себеп болгон. Анда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган.

Бул материал жарыяланган соң "ЭлТР" каналы “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан.

"ЭлТР" “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары "ЭлТР" соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, "ЭлТР" телеканалынын айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан