Франциялык окумуштуулар жасалма жүрөктү ойлоп табышты

Франциялык окумуштуулар жасалма жүрөктү жасап чыгарышты. Бул тууралуу 10-декабрда чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышкан.
Жасалма жүрөктү жасоонун башында белгилүү кардиохирург Алейн Карпентье турат. Ал баш болгон окумуштуулар тобу жасалма жүрөктү жасоого космостук, медициналык жана биологиялык технологияларды колдонушкан. Спутникти жасоого пайдаланган материалды жасалма органга колдонуусуна анын эскирбегендиги себеп болгон. 
Жалпысынан бул органды жасоого 15 жыл жумшалган. Алейн Карпентье аны алгач франциялык оорулууга салып текшерип көрүп, ыйынтык начар эмес” деген.
 Анын айтымында, жасалма жүрөк эң кеминде 5 жыл иштеп, трансплантация жасатуу үчүн кезекке турууну кыйла эле кыскартат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан