"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Дүйнө чемпиондугун жеңгенде ыйлагандыгын айтты. Бул тууралуу Акжол Махмудов Казакстандын "Берен" ютуб каналына берген маегинде айтты.
Махмудов Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттешин Германиядан операция жасатып келе жатып көргөнүн белгиледи.
"Биздин Айсулуу эжебиз бизге өтө чоң үлгү көрсөттү. 2019-жылы Астанада лицензиялык Дүйнө чемпиондугу өткөн. Лицензиялык Дүйнө чемпиондугуна Олимпиадалык салмактагы эң күчтүү балбандар келет. Айсулуу эже ошо Дүйнө чемпиондугун уткан. Ал эч кандай себеп издебей, машыктыруучуларды угуп, спорт эмне талап кылса ошону так аткарган. Мен ошондо операциядан Германиядан келе жатып көрүп, жатып алып ыйлагам. Демек биз дагы Дүйнө чемпиону болсок болот, мына бизге мисал деп ойлонгом.
Мен ошондо 2019-жылы өзүмө "Дүйнө чемпиону болом" деп ниет кылгам, ошого жеттим. Олимпиада чемпиону болом деп ниет кылса дагы, ошого жетсе болот", - деди Акжол Махмудов.