Жалал-Абад шаарында ижарага алган Дэу Матиз унаасын башка бирөөгө сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Облустук милицияга Сузак районунун М.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 15-декабрь күнү Х.Э. аттуу жаранга оозеки келишимдин негизинде Дэу-Матиз үлгүсүндөгү унаасын такси кызматына пайдалануу үчүн ижарага бергендигин, ижарага алган жаран автоунааны сатып жибергендигин билдирген.
Натыйжада жабырлануучуга 165 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун 1987-жылы туулган Х.Э. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.