Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды

Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан мелдешке бардык аймактардан келген 260 спортчу катышууда.

Спортчулар төмөнкү салмак категориясында беттешет:

  • Кыздар арасында: 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66 килограмм;
  • Эркектер арасында: 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75, 80, +80 килограмм.

Аталган мелдеш “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Кыргызстандын бокс федерациясы тарабынан уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан