Ырчы Мурадил Данияров тун наристелүү болду. Бул тууралуу ырчы мырза Instagram баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.
"Кудайдын буйругу менен кыздуу болдум, туугандар! Чексиз шүгүр. Кош келипсиң, кызым", - дейт ал.
Маалым болгондой, учурда үй-бүлөсү менен Жалал-Абадда жашап жаткан Мурадил Данияровдун келинчеги облустук төрөтканада көз жарган.
Эске салсак, ырчы мырза менен сүйүктүүсү Мээрим 2022-жылы 10-июнда баш кошушкан.