Баткенде жер мыйзамдарын одоно бузуулар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматында билдиришет.
Маалымдалгандай, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кадамжай райондук прокуратурасы менен биргеликте тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 16 ишмердик жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жер мыйзамдарын одоно бузуу менен Кадамжайдагы “Анкурсай” сел жүрүп кетчү кооптуу жерге соода объектилерин өзүм билемдик менен курган фактылары аныкталды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (Өзүм билемдик) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.