Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 18-апрелде өлкөнүн парламентинде сүйлөп жатып, Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн таанууга даяр экенин билдирди.
"Армения Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн толугу менен тааныйт жана Армениянын бардык аймагын Армения Республикасы деп таануу менен Азербайжандан да ушундай кадамга барышын күтөт", - деди ал.
Ошондой эле Армениянын лидери Армения менен Азербайжандын ортосунда тынчтык келишимине кол коюунун шарты өз ара кызыкчылыктарды сактоо экенин баса белгиледи.
Никол Пашинян анын өлкөсү менен Азербайжан 1991-жылдагы СССРдин чек араларындагы картаны тааныса, аймакта тынчтык болушу мүмкүн деп билдирди. Ошентип, Армениянын лидери чындыгында Тоолуу Карабахты Азербайжандын бир бөлүгү катары таанууга даяр экенин билдирди. Анын пикиринде, Армениянын келечеги азыр Баку жана Анкара менен мамилени жөнгө салуудан түздөн-түз көз каранды.