Москвада кыргызстандык жаран баңгизатынан улам каза болгону айтылууда

Кыргызстандын жараны Москванын жанындагы Балашиха шаарында каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Shot Telegram каналы өз булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 18-апрелде болгон. Анда каза болгон жаран бир бөлмөлүү батирди ижарага алган. Эки күндөн кийин үй ээси ижара келишимин узартабы же жокпу деп ага телефон чалган. Бирок ижарага алган жаран жооп берген эмес.

Үй ээси батирине барганда эки адамдын жатканын көргөн. Алардын бири каза болсо, экинчиси "Тез жардам" унаасында каза болгон.

Полиция кызматкерлери эки адам каза болгон бөлмөдөн ак порошок таап, аны экспертизага жөнөтүштү.

Каза болгондордун бирөө Кыргызстандын жараны болсо, бирөө Өзбекстандын жараны экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан