Бишкек шаарындагы Чыгыш автобекетинин аймагындагы дааратканадан өлүү төрөлгөн түйүлдүк табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 16-апрель күнү саат 22:40 чамасында “102” кызматына Бишкек шаарынын Чыгыш автобекетинин аймагындагы коомдук дааратканадан өлүү төрөлгөн түйүлдүк табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкери боюнан түшүп калуудан төрөлгөн эркек бала экенин аныкташкан.
Бул факты тергөөгө чейинки текшерүүгө алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.