Мамлекеттик салык кызматындагы коррупция фактысы боюнча бюджетке 100 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
УКМКнын 19-апрелде тараткан маалыматына ылайык, салык кызматынын системасындагы коррупциялык фактыларды иликтөөдө 10 салык инспектору жана жеке ишканалардын 3 жетекчиси кармалган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө инспекторлор “Ф” тобундагы компаниялардын өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, бюджетке иш жүзүндө төлөнүүгө тийиш болгон салыктардын суммасын бир нече эсе төмөндөтүп, 3 миллион 300 миң сом өлчөмүндө гана салыктарды төлөшкөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында келтирилген зыян 100 миллион сом экени аныкталып, өлкө бюджетине толук кайтарылды", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, тергөө амалдарынын жүрүшү жана жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымдалып турары кабарланат.