"УКМКнын төрагасы менен таанышмын деп". Ошто алдамчылык кылган жаран кармалды

Ошто УКМКнын төрагасы менен таанышмын деп алдамчылык кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде атайын кызматтан билдиришти.

Такталгандай, шектүү К. уулу О. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кармалган.

Ал УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын уулу Т.Т.К. менен жалган тааныштыгынан пайдаланып, И.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башчысынын орун басары кызматына орноштуруу үчүн 1500 доллар алган.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында К.у.О өз аракетинин кылмыштуулугун түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерге барбоого милдеттенген.

Материалдар юридикалык баа берүү үчүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилери маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Erma78
2023-04-19 20:22:00
Баардык жака барба алдамчылык бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан