Өткөн сутка ичинде балдардын катышуусунда 2 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-декабрда болжол менен саат 11:40тар чамасында Гагарин-Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде 39 жаштагы Л.Роза Ауди А6 унаасы менен 7 жаштагы М.Сезимди сүзүп кеткен. Анын кесепетинен Сезим денесинен ар кандай жаракаттарды алган.
Ошондой эле 29 жаштагы Ш.Турат ЗИЛ 130 унаасы менен 9 жаштагы Ч.Нурболотту сүзүп алган. Жол кырсыгынан улам Нурболоттун сол жамбашы сынган. Учурда эки жабырлануучу тең ооруканага жеткирилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.