Караколдо батирлерге уурулукка кирип жүргөн 43 жаштагы жаран кармалды 

Каракол шаарында бир катар батирдик уурулукка тиешеси бар жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, убактылуу Каракол шаарында жашап жаткан Нарын облусунун 43 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну бир катар батирлерди уурдоого шектелип кармалды.

2022-жылдын октябрь айында Каракол шаарындагы батирлерге белгисиз жарандар уурулукка киришип, тиричилик техникаларын, баалуу буюмдарды жана ар кандай үй эмеректерин уурдай баштаган. Кылмышка шектүүнүн изине түшүү үчүн, кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлерине дээрлик жарым жыл талап кылынды.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган жарандын жана анын тааныштарынын үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүү учурунда уурдалган 40тан ашык буюм табылып, алардын бир бөлүгү жабыркаган арыз ээлери тарабынан таанылып чыкты.

Бүгүнкү күнгө Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан шектүүнүн 18 батирдик уурдоо фактысына тиешеси бар экени аныкталган. Шаардык соттун чечими менен шектүүгө карата тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Учурда кылмышка шектүү жарандын Каракол шаарынын жана коңшу райондордун аймагында башка ушул өңдүү мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан