18 жаштагы ырчы Нурдөөлөт Деркембаев Казакстанда өтүп жаткан ал аралык сынакка катышууда

Казакстандын Костанай шаарында өтүп жаткан "Алтын микрофон - 2023" эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан 18 жаштагы ырчы Нурдөөлөт Деркембаев катышууда. Бул тууралуу өзүнө байланышканыбызда маалым болду.

"Алтын микрофон" эл аралык сынагына Ислам Курманбеков аттуу агайым аркылуу катышып калдым. Сынак 19-21-апрель аралыгында өтөт. Мен профи категориясында ырдап жатам. Биздин өлкөдөн менден башка дагы бир катышуучу келди.

Өзүм жөнүндө айтсам, Ысык-Көлдүн кулуну болом. Учурда Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүнүн 3-курсунда окуйм", - дейт ал.

Белгилей кетсек, "Алтын микрофон" эл аралык сынагына Кыргызстан, Армения, Болгария, Украина, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү катышууда. Аталган өлкөлөрдүн ар биринен калыстар тобу шайланган. Биздин өлкөнүн атынан калыстар тобунун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан