Токмок шаарында 76 жаштагы адамдын жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 11-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-декабрда Токмок шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Токмок шаарынын 3-кичи районунда жайгашкан №65-үйдүн 65-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1937-жылы туулган үй ээси Широченко Валентинанын жансыз денеси табылган.