Алмазбек Атамбаев Москвага болгон кезектеги иш сапарында Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Экономика министри Темир Сариев ЖКнын Каржы жана бюджет боюнча комитетинин жыйынында билдирди. "Азыр Бажы биримдигине кирүү үчүн иштер жасалууда. Алдын ала айтсак, өлкөбүз Бажы биримдигине Орусия, Казакстан жана Беларустун чечиминен кийин 2013-жылдын аягында кирип калат. Ал эми саясий маселелер Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон кезектеги иш сапарында сүйлөшүлөт",- деди министр Темир Сариев. Ошондой эле Темир Сариев Орусия, Кытай, Казакстан менен болгон Кыргызстандын товар айлануусу жыл сайын 30-33 пайызга өсүп жатканын белгиледи. Кошумчалай кетсек, Алмазбек Атамбаев 19-декабрда Москва шаарында өтчү ЖККУнун кезектеги жыйынына катышат.