Жашыруун цехте зер буюмдарды жасап жүргөн жарандар кармалды

Зер буюмдарды жасоо жана маркалоо боюнча жашыруун цехти иштеткен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын А.С.А. жана А.З.Т. аттуу жарандары Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинде маркалоонун милдеттүү жол-жоболорун аткарбай, тиешелүү салыктарды төлөөдөн качып, баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштурушкандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча 2023-жылдын 18-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 236-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

19-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан алынган чечимдин негизинде уюштуруучулар А.С.А. жана А.З.Т. цехинде жана жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн жана бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан