Бишкектеги "Dordoi Plaza" соода борборунда бомба бар деген маалымат келип түшүп, андагы бардык кардарлар жана жумушчулар эвакуацияланды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күбөлөр билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда соода борбор курчоого алынган. Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги бир катар билим берүү мекемелеринде бомба бар деген маалымат келип түшүп, окуучулар эвакуацияланган. Өз кезегинде УКМК маалымат чет өлкөдө катталган аккаунттардан келип жатканын маалымдаган.