Кыргыз бийчилери Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова Кишинев (Молдова) шаарында өткөн "WDSF Open - Spain 2023" эл аралык турнирде күмүш байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстан бий спорт федерациясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, турнирге катышкан 47 жуптун арасынан кыргыз бал бийчилери Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова күмүш медалды жеңип алышкан.
"WDSF Open - Spain 2023" эл аралык турнири 16-апрелде өткөн. Ага Италия, Германия, Испания, Тркия, Франция, Украина жана башка европа өлкөлөрүнүн бийчилери катышкан.