Бишкекте iPhone уурдады деп шектелген жаран кармалды (видео)

Кечээ, 20-апрель күнү Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, 15-мартта милицияга И.А. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз жаран Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан компьютердик клубдун биринен 70 миң сомдук iPhone 12 pro max үлгүсүндөгү телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2002-жылы туулган Д.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Октябрь райондук сотунун шектүүгө карата эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Учурда анын ушул сыяктуу 3 кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды. Тергөө иштери уланууда.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан