Касым-Жомарт Токаев кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады  

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элин жана өлкө башчы Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Адамдын руханий жактан тазаланып, физикалык жактан жакшырган айтылуу майрамда элдерибиздин ортосундагы жакындык жана боордоштук эселеп арта берсин.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизге чың ден соолук жана күч-кубат, баштаган иштериңизге ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүү каалайм.

Жараткан Рамазандан Рамазанга чейин кылган жакшы ниеттерибизди жана иштерибизди кабыл кылсын! Орозо айтыңыздар маарек болсун!", - деп айтылат куттуктоо катында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан