Казакстандын Костанай шаарында өткөн "Алтын микрофон - 2023" эл аралык сынагында Кыргызстандын атынан катышкан 18 жаштагы ырчы Нурдөөлөт Деркембаев 3-орунду камсыздады. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
"Колумдан келген аракетимди кылдым. Тилекке каршы, "Алтын микрофон - 2023" эл аралык сынагында 3-орунга ээ болуп калдым.
Аталган сынактын уюштуруучулары 3-орунга статуэтка, ардак грамота жана 300 миң теңге акчалай сыйлык беришти.
Эң башкысы көптөгөн тажрыйба топтоп, жаңы досторду таптым"', - дейт ал.
Белгилей кетсек, "Алтын микрофон - 2023" эл аралык сынагына Кыргызстан, Армения, Болгария, Украина, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү катышып, ар биринен калыстар тобу шайланган. Биздин өлкөнүн атынан калыстар тобунун мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева барган.