Москва районунда Салык башкармалыгынын 2 кызматкери пара алып кармалды

Чүй облусунун Москва районуна караштуу мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын 2 кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымат таратышты.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде шектүүлөр мыйзамсыз талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалышкан.

"Чүй облусундагы Москва районунун мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына караштуу жергиликтүү салыктарды жыйноо жана текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору У.П.А. жана башкармалыктын аталган рейддик салык контролу бөлүмүнүн башкы инспектору С.А.Б. кармалды. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарына кийин күбөлүк берүү боюнча, салыктык текшерүү жүргүзүү жана мүлк салыгы боюнча салык карызынын жоктугу жөнүндө маалым кат берүү боюнча оң чечим кабыл алуу үчүн А.Д.А. аттуу жарандан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын мыйзамсыз түрдө талап кылган", - деп билдиришти атайын кызматтан.

Шектүүлөр 20-апрелде Бишкек ШИИББинин бактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан