Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМК тарабынан маалым болду.
Билдирмеде айтылгандай, курал-жарактар сакталган жай 19-апрелде УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы, 2028-Аскердик бөлүктүн сапёр-инженердик тобу жана милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган.
Ал жайдан төмөнкү ок-дарылар алынды:
- 1 даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;
- 3 даана кол түтүн гранаталары;
- 1 бирдик ВОГ- 17 снаряды;
- 1 даана сигналдык патрон;
- 3 даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;
- 1 бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
- 4 даана 7,62-калибрдеги патрондор.
Учурда ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.