Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы Шарипов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, өрт тууралуу маалымат ӨКМга саат 17:52де түшкөн
Жерине саат 18:00дө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1, кошумча саат 18:05де 1, жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылган.
Турак үйдөн чыккан өрт саат 18:17де чектөөгө алынып, саат 20:57де толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен барак тибиндеги үйдүн жалпы шыбы, чатыры, кире бериш бөлмөсү болуп жалпы 300 метр2 аянты өрттөнгөн.
Өрт кырсыгы адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.