Түркияда эң жаңы Altay танкын сыноолор башталды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган социалдык тармактагы баракчасына жазып, жаңы танк менен тааныштырды.
Altay - 65 тонналык оор танк. Бул танк танктарга каршы ракеталарды токтото алат. Танк жаңы муундагы курал-жарактар менен жабдылып, 8 чакырым аралыктагы бутаны таамай ата алат.
Күжүрмөн унаа 1919-1923-жылдары Түркиянын боштондук согушуна катышкан генерал Фахреттин Алтайдын элесине арналып Altay деп аталды. Танк дээрлик толугу менен түрк коргонуу ишканалары тарабынан иштелип чыккан. Курал-жарактын өзүнчө элементтери, анын ичинде 120 мм замбирек, түштүк кореялык Hyundai компаниясынан өлкөгө өткөрүлүп берилген лицензиянын негизинде чыгарыла турган болду.
Биринчи этапта 250 танк чыгаруу каралган. Жалпысынан Анкара Altay танкынан миң даана чыгарууну пландоодо. Ошондой эле келечекте Altay аталышындагы учкучсуз учуучу версияларды дагы чыгаруу пландалууда.